Алты сыфаат. Алты сыфаат. · страница 1 из 1
Страница 1 из 1

Алты сыфаат.

28 сентября 2024, 08:41

Алты сыфаат
1) Биринчиси Лаа илааха иллаллох Мухамад Расулуллох мааниси Аллахтан башка кудай жок Мухаммад сав анын элчиси, жана кулу. Бизге келип жаткан кайгы капа, бактылуулук, омур, олум, оору, шыфаа ж.б нерселердин бары Аллах тараптан келип жатат.Аллах пайда бере турган болсо, бул дуйнодогу адамдардын бары чогулуп, зыян берейин десе да, зыян бере албайт. Эгер зыян берсе, ошол эле адамдардын бары чогулса да, ошол зыянчылыктан тосо албайт. Бизге келип жаткан акыбалды, Аллах тараптан келип жатканын тушунушубуз керек. Эгер биз келмени журогубуздо сактап, намаздарыбызды  жакшы окуп, зикирлерди толтуруп, адеп ахлагыбызды ниетибизди ондоп, Аллах ыраазычылыгы учун даават кылганда гана, каалаган нерсебизди Аллахтан сурап алабыз. Жана, жолубуз дайым ачык болот. Биз Лаа илааха иллаллох келмесин мин жолу айтканда, журогубуз бир жолу айтат. Эгер журокто келме болсо, олум алдында жатканда айта алабыз. Журокто дуйно болсо, келмени айта албайбыз. Ким олум алдында жатканда келмени айтса, анын куноосу коп болсо да бейишке кирет. Аллахтын берген бардык нерсесине шугур кылалы. Аллах адамга башкалардан айырмалантып акыл берген, биз ошо акылды туура колдонолу, эртен окунуп калбагыдай болуп. Акыретке барганда бекер откон убакытка окунобуз.  Андан коро келме айтып Аллахка жага турган амал кылсам, туболук жашоом жакшы болот эле го деп. Мухаммад с.а.в биздин суйуктуу пайгамбарыбыз бизди ушунчалык жакшы коргон эле, баласынан уммотун жогору койгон.Аллах таала баланды тандайсынбы же уммотундубу дегенде, уммотумду деген эле, анан Аллах баласынын жанын алды. Биз пайгамбарыбыздын ордунда болгондо балабызды тандайт элек. Анткени биздин ыйманыбыз алсыз. Азыркы кезде, биз башыбызга бир кайгы келсе, Аллахка шугурсуздук кылып, неге менин жашоомду кыйын кылып койдун экен деп жиберебиз. Жок андай болбойт! Биздин антип айтканга акыбыз жок! Пайгамбарыбыз ушундай бир жакшы адам болгон, эч кимге жамандык кылган эмес. Бироонун конулун оорутчу эмес.
2)
Намаз.
Биздин арабызда адамдар бар, алар Аллах менен байланыш тузуп алган. Эки рекет намаз менен каалаган нерсесин сурап алат. Намаздан кийинки дуба бат кабыл болот. Биз деле кээде дубаларыбыз кабыл болгонун байкайбыз. Ошол кезде, мен ушундай дуа кылдым эле, кабыл болду деп мактанып жибербейли. Эч кимге айтпастан, Аллахка шугур кылалы. Башкаларга айта берсек дуабыз кабыл болбой калат. Намаз бул адамдын башы сыяктуу, башы жок адам болбогондой эле, намаз жок дин толук болуп эсептелинбейт. Намаз ден соолукка да пайдалуу, биз сажда кылып жатканда белге пайда болот экен. Позвоночник чойулуп, кан айланып баштайт, дем алганыбыз женилдеп, озубузду жакшы сезип калабыз. Пайгамбарыбыз айткан, намаз бул менин козумдун кареги деп. Коздун кареги кандай керек болсо, намаз да бизге ошончолук керек экен. Намаз окуган адамдын жузунон нур чачырап турат. Намаз биздин даражабызды которуп койот. Айланабыздагы адамдар бизди сыйлап турат, бирок намазды Аллах ыраазычылыгы учун окуйлу, башкалар бизди намаз окуйт экен, кыйын экен деп айтсын учун эмес. Намаз бул, бейиштин ачкычы. Ким аны тапса, туз жолго тушкон болот. Ал эми ачкычын жоготкон адамдар, кор болду. Алардын бара турган жери тозок болот экен. Намазды баштаганда кыйындатпай, коркпой окуш керек. Намазды жаны уйронуп жаткан адам, бизге келип, беш маал окуй албай жатам, азырынча багымдатты окуп турсам кандай болот? Деп сурап калышы мумкун. Биз жок ай болбойт дебей, жай тушундуролу. Азырынча багымдатты окуп турунуз, кийин башка намаздарды кошуп окусаныз болот деп. Бир эже менден сурап калды мен намаз окуйун дейм бирок жоолук салына албай жатам. Намаз окуп жатканда салынып, мындай жургондо салынбай койсом кандай болот? Деди, Мен намаз окуганда салынып, окуп буткондо чечип койо бериниз, анан бир куну озунуз эле салынып каласыз, динде кыйноо жок, дин озу женил болот дедим. Эгер мен жок, намаз окудунузбу болду, жолукту чечпей салынып журунуз десем, ал эже капа болуп калмак да, намаз окумак эмес. Жоолук да салынбай журо бермек, жоолук салынбай, намаз окубай жургон жакшыбы? же намаз окуп бирок жолук салынбай, кийинчерээк салынганы жакшыбы? Кыздар намазды 9 жаштан, балдар 12 жаштан баштап окуш керек. Биз 9 жаштан баштап окушубуз керек болчу бирок, кээ бироолор динге кеч киргени себептуу, жылдар бойу окулбаган  намаздар, каза болуп эсептелинет. Аны биз толуктап окуп койсок болот. Эгер окубасак кийин сурак берип калабыз. Шашпай окуйлу, кунуго бир каза намаз окуп койсок да, пайда. Такыр окубай койгондон коро. Биз беш убак намазды калтырбай окуй турган болсок, бактылуулукту табабыз, баштаган ишибиз ийгиликтуу болот.
3)
Илим зикир. Илимди биз торолгондон Олгонго чейин алышыбыз керек. Илим алган киши карангыда шам чырак мн баскандай, ал эми илимсиз киши, карангыда шам чырагы жок эч нерсе коро албай, чалынып бара турган жерин таппай журот. Илимдуу адам башына кыйынчылык келсе баарын озу чечип алат. Илимсиз адам башкаларга чуркап жонойт. Илим деген чексиз экен, биз канчалык илим алсак дагы тубуно жетип, толук илим ала албайбыз. Илимдуу адам алма бак сыяктуу болот, андан адамдар пайда алат, момосун жеп, кун ысыкта колокосуно отурат. Илимсиз адам момосу жок куурап калган бутактай болот. Анын пайдасы,  отун кылып жарып жибергенге эле тийет. Кээ бир мусулман бир туугандарыбыз айтат, кыздарды мектепке окутпайбыз медресеге окуйт деп айтышат экен. Кыздар да билим алыш керек. Илим да алсын, экоону бирдей алып журуу керек. Зикир бул Аллахты улуктоо. Пайгамбарыбыз айткан тилинерди зикир мн нымдап тургула деп. Зикир бул жан дуйнонун азыгы. Качан кыйналган кезде Аллахты эстебей, ар дайым эстеп туралы. Зикир чалган адам зикир чалбаган аламга караганда, ойдороок болот. Кунуго эртен мененки, кечки зикирлерди толтуруп, журушубуз керек. Тамак ичип баштаганда, ичип буткондо, эртен мн турганда, уктаарда, уйго киргенде, чыкканда айтыла турчу дубаларды жаттайлы. Озубузго эле пайдасы тийет.
Бир киши болот экен, ал жумушуна кеткенде, айылдан орт чыгып, алдынан чыккан уйлор куйо баштайт. Анан жанагы кишинин уйуно жетип калганда, кошуналары сенин уйуно орт жакындап жатат деп келишет. Ошондо тиги киши айткан экен, менин уйум орттонбойт. Мен уйдон чыгаардын дубасын айтып чыккам. Уй жайымды Аллахка аманат кылып тыштадым эле, менин уйум орттонушу мумкун эмес! Аллах озу сактайт дейт экен.  Орт ошо кишинин уйуно келгенде очуптур. Бул болсо Аллахтын керемети.
4)
Икром муслим. Ушак айтканга болбойт. Аял уйдун куту болот, аял киши уйдо отуруп, балдарга жакшы тарбия бериш керек. Эркек киши иштеп аялын, балдарын багыш керек. Аялы, Куйоосунун алып келгенин ысырап кылбаш керек. Бала деген ата энесин коруп, улгу алып чонойот. Биз кандай болсок, балдарыбыз да ошондой болот. Балана кыйкырып, урушуп, кол которсон, ал бала бир туугандарына, ата энесине орой болуп калат. Ото эркелетпей, бир калыпта тарбиялоо керек. Баланы дин мн тарбияласа, ал эч качан жаман болбойт. Туугандар мн катташып, мамилени бекемдешибиз керек. Аллах таала айткан, ким тууганынан кол узсо, мен да андан кол узом деп. Кошуналар мн сый мамиледе бололу. Кочодон коргондо учурашып, кыйналса жардам берип.
5) Ниет ыклас. Бардык нерсе, ниетке жараша болот. Дайым жакшы ниет кылалы. Адам коп кыжаалат болбош керек. Бугунку кун кандай болсо да, Аллах ушундай болушун каалады, эмне болсо да сабыр кылам деп, кунуго айталы. Аллах адамга озу которо алчу сыноону берет, андан ашык бербейт. Айлана чойродо болуп жаткан нерсеге, адамдарга жакшы ниетте бололу. Дуба кылып жатканда дагы, мен кайра кайра эле сурайм, Аллах эмнеге бербей жатат дебей, сабырдуу болуп, умуттонуп, Аллахтан сурай берели. Аллахка болгон умут мн жашайлы, умутсуз шайтан дегендей, эч качан умутту узбош керек. Дуба кылып жатканда озубузго эле сурай берсек, Аллах бизге бербейт, жалпы сурайлы.Бир аял бир кап ун алып, эми тугонуп калат го деп алган сайын кыжаалат боло берет. Экинчи аял да дал ошондой ун алып, Аллах берекесин берет деп, алган сайын суйунуп койот. Биринчи аялдын уну кайгырса, кайгырбаса да тугонот. Бирок анын кыжаалат болгону озуно зыян, Жана тугонот дей берсен, бардык нерсе тугоно берет. Экинчи аял кайгырган жок, жашоосу тынч болот, уну берекелуу болот, жана эн маанилуусу Аллахка болгон ишеничи бар. Кимдин журогундо Аллах болсо, эки дуйнодо тен андан откон бактылуу адам болбойт. Эгер кимдин журогундо Аллах болбосо, эки дуйнодо тен андан откон бактысыз адам жок болот.
6) Даават. Биз башкаларга даават айтышыбыз керек, бирок аларга текебер болуп коркутпай, жонокой тушундуролу. Мусулман адам жонокой болуш керек, ал эми текеберлик бул эн жаман сапаттардын бири болуп эсептелинет. Даават кылып жатканда угуп жаткан адамды кыжаалат кылып, убактысын албайлы. Динге жаны кирип жаткан адам болсо, Тозокту айтып коркутпай бейишти айтып кубанталы, адамдын журогундо эмне болсо, ошол нерсе чыгат. Журокто болгон  коро албастык, ичи тардык деген жаман сыпааттарды алып салалы да, болгон жакшы сыпаатар менен журокту толтуруп, чын журоктон даават айтып башкаларга жеткирели. Ошондо гана даават айтуу женил болот. Биз динди жаман корбозбой, башкаларга улгу бололу. Мусулман деген кузгу сыяктуу болсун, адамдар аны карап тузолуп онолушу учун. Биз бироого канчалык коп даават кылсак деле, эгер Аллах анын динге киришин каалабаса, ал динге кирбейт. Ошол учун, биз даават айтып жатканда, мени угуп ушул адам динге кирди дебей, Аллах каалаганы учун динге кирди дейли. Адам жон гана себепчи болот, ал эми беруучу, алуучу Аллах. Даават болгону учун, биз дин мн жашап жатабыз. Даават болбогондо, биз адашып журот элек. Даават болгону учун жашообуз жакшы болуп, кырсык балээ келбейт. Аялдар 3, 15, 40 кунго чыгат. Эркектер 3, 15, 40 кунго 4 айга чыгат. Куйоолорубузду уч кунго болсо да дааватка жиберип туралы, торт айга чыгам десе да бут тосконго болбойт. Куйоону бизге Аллах берди, алып да койушу мумкун. Ошондуктан куйоолорубузду уйдо эле кармап отура бербейли. Ким баласынын же куйоосунун жолу болуп, баштаган иши ийгиликтуу болсун десе дааватка жиберсин.