Тилек 2-бөлүм · страница 2 из 2
Страница 2 из 2

2-бөлүм

4 ноября 2020, 19:31

Апасынын сөздөрүн уккандан кийин Калыкка атасынын үйүндөгү көз ирмемдер тасма болуп көрүнүп ойго батып кетти. Калык Талас шаарындагы номур 1-мектепте окуп жүргөндө атасы "балдарым бир болсо дейм, апчең менен иниң сени күтүп жатышат. Балким сенин артыңдан апаң барып бирге жашап калабыз" деген сөздөрүн айтып, кичи Калык менен чоң кишидей кеңешип алып кеткен эле. Бирок Калык айылга атасыныкына кеткенден кийин баары башкача болду. Эки айдай ханзаада сымал жашап андан соң айылдын тиричилиги башталды. Эң башкысы апасы бир эмес бир нече жолу барганда, атасы үйүнө киргизбей, балдарына алып келген таттууларын көчөгө ыргытып жаңжал кылган. Булардын баарын Калык көрбөй, билбей калды. Калык үчүн эң кыйыны апасын бир жолу көчөдөн көрүп калып атасына айта албай кыйналганы. Короонун жанында чөп туурап жаткан атасынын жанына барып –байке, бир нерсе айтайынбы?
Эч нерседен ою жок атасы –айта гой балам.
-эме, тиги келиптир. –көзүнө жаш келип, али бала болсо дагы жашын кармап, муштумун түйүп ичи өрттөнүп турду.
-ким балам? –деп атасы койлорго чөп салганы ордунан турду.
-эшикке чыгып көрсөңүз. –деп баттан басып үйгө кирип кетти. Чоң үйдүн төркү бөлмөсүнө кирип алып, жаздыкты кучактап бөлтүрүк уулугансып үнүн чыгарбаганга аракет жасап ыйлай баштады. Апасынын аярлуу караганы, көз алдынан кетпей "кагылайын балам, сен менин баламсын. Эмне кылсанда мен сен үчүн баарына даярмын. Болгону менин жанымда болчу, мени таштап кетпечи" деген сөздөрдү көзү аркылуу түшүнүп, кеткиси келип, ыйлагандан башка аргасы жок жата берди. Калык үйдө жатканда атасы эшикке чыкса досу ат сураганы кирип келе жаткан. Атын берип узаткандан кийин "досумдун атын билбей "тиги"дей берген тура" деп эч нерседен кабатыр болбой ишин уланта берди. Кийинки күндөр мурдагыдай эле өтө баштады, бирок Калык күндөн-күнгө апасы менен сүйлөшүп алган сымал кетүүнүн айласын тапкысы келип, ар түрдүү жолдорду издеп жүрдү. Мектепте болсо бардык сабагы жакшы, мугалимдери да жакшы көрүп калышты. Билим алганды, эмгекти жакшы көргөн мындай чыйрак баланы ар бир эле мугалим жакшы көрөт эмеспи. Окуу жылы жыйынтыкталаар кез жакындап ата-энелер чогулушу болуп Калыктын атасы жүзү жаркырап кубануу менен чыкты жыйындан. Жыйындын ичинен Калыктын башка окуучулардан артыкчылыгын угуп "менин балам да" деп бир жылуу сезим пайда болду ичинде. Мектептен чыгып үйүн көздөй сапар алды Жолдош. Калык мектептин алдында классташтары менен турган, мектептен мугалими чыгып – Калык атаң кете элекпи?
-мына кетип баратат. –деп чыга беришке жакындап калган атасын көрсөттү.
-чакырсаң, унутуп калган экем бир нерсе айтам деп.
-а-а –деп жай үнү менен "ата" деп айта албай койду. Бир аз туруп анан чуркап жетип чакырып келди. Калык атасын "байке" деп айтаарын эч ким билчү эмес. Ошентип окуу жылы аяктап жайкы эс алуу башталды. Эс алууда шаарга барам го деп ойлоп жүргөн бирок "айылда чөп чапмай, картөшкө тикмей жана башка тиричилик көп" деп атасы эмес иниси көп айтып а атасы көрсөтүп жүрдү. Бирок окуу жылы жакындаганда шаарга барып кийинип келүү бул үй-бүлө үчүн салтка айланып калган. А Калык үчүн абдан чоң майрам боло турган болду. "Айылдан чыгып эл көрүп жер көрүп келем деп кудуңдап күтүп жүрдү". 2007-жылдын 28-август күнү Талас шаарына Жолдош атасы, Керемет эжеси, Сыймык иниси, атасынын эжеси Чынара жана анын баласы Арген, атасынын байкесинин баласы Таласбек болуп келишти. Калык көргөн көзүнө ишенбей баарын ашыгып карап келди. Мурда ойногон, окуган, жашаган, чоңойгон жерлерин көрүп абдан жыргады. Базар аралап балдарын кийинтип бүткөн соң Жолдош –эми такактаналы ээ? –деп балдарын карап калды. Кийимдерин колуна кармап сүйүнгөн балдары баары биргеликте –ооба, -деп жооп кайтарышты. Базардын четинде жайгашкан Улар ашканасына киришти. Баары тамакка буюрутма беришти, Калык апасы жасаган "бифштекс" тамагын сүйүп жечү. Тамак алдыларына келип тамактана башташты. Калык биринчи күрүчүн экинчи гречкасын анан картөшкөсүн (пюре) андан сон жумурткасын аягында котлетин жечү. Котлетти кесип оозуна салаар менен даамы абдан жакын сезилди. Ичинен "бул апамдыкы, мен билем, адашкан жокмун" деп ойлоно берди. Ордунан туруп "дааратканага барып келейинчи" деп чыгып кетти. Эшикке чыгаарда иштеген кызматкер жигитке кайрылып –байке бул жерде ашпозчу ким? –деп күтүүсүз суроо узатты.
-а не болду? Тамак жакпай калдыбы?
-жоок, тамагы сонун экен.
-анда жакшы, Анара деген эже жасайт. –деп кирип кетти. Аркасынан эле эч нерсени ойлонбостон Калык кирип барды. Тамак жасаган бөлмөнүн бурчунда манты түйүп жаткан апасын көрүп кучактап алды. Эч нерсени тушүнбөгөн Анара бир сыйра карап алды. Бою, чачы өсүп, үнү жоон болуп, Караколдун шамалына карайып таанылбай калган баласын көрүп, алтын таап алгандан бетер кубанычтын тамчыларын көздөн ылдый агыза баштады. Эне менен баланын ортосунда эч кимге түшүнүксүз бир тыгыз байланыш бар тура. Кучактап, өпкүлөп бүткөн соң –балам, сада болоюн, менин жашоом, менин байлыгым кандайсың? Качан келдиң? Ким менен келдиң? Кебетеңе не болгон? Кагылайын сенден. –деп суроолорун узатып кучактап алды. Калык эмнеден баштаарын билбей –апа мени кечириңизчи, мен сиздин жаныңыздан кетпейм болду. Байкем, апчемдер менен келдик. –деп жай дем алып чечкиндүү сүйлөдү. Бул учурда атасы Жолдоштун "Калык"деп издеп баштаган үнүн угуп апасы менен бирге чыкты. Күтүлбөгөн жерден Анараны көргөн Жолдош катып сүйлөй албай калды. Кайрадан баары бирге отуруп сүйлөшө башташты. Создү Жолдош баштады –кандайсың? Иштериң жакшыбы?
-кантип жакшы болсун, балдарым деп жашап жүрсөм баарын алып кеттиң.
-мен алып кеткен жокмун, балдарым өздөрү чечишти. Бүгүн окууга кийим алып бердим. Анан сени көргөзө кетейин деп алып келдим эле, ушунча келгенден кийин сагынышса сагынычтарын таратышып алышса жакшы болоор деп. Азыр кайра айылга чыгып кетебиз. –деп Жолдош куу түлкүнүн кейпин кийип, жок жерден сөз таап балдарына жагынуунун айласын көрө баштады.
-менин бул жерде иштээримди кайдан билип алдың? Мен барганда көргөзбөгөн эми эмне себептен көргүзгүн келип калды? –деп Анара акылдуу суроолорду куу жоопторго каршы берип алды.
-досум аркылуу билдим, өткөндө айтып калды эле. Сен көргөнү барды белең айылга? –деп чоочумуш этип суроого суроо менен жооп берди.
-ушундайдын не кереги бар Жоки? Балдардын алдында жалган айтпай эле сүйлөшөлүчү. –деп эмнени айтса дагы танып кетээрин түшүнгөн Анара абалды кыйындаткысы келген жок.
-Макул, балдар жок жерден дагы сүйлөшөт чыгаарбыз ачык. Жүргүлө кеттик. –деп ордунан тураарда Калык үн катты –мен калам. –деп көзүн ары-бери жүгуртүп кылмыш кылып кармалган уурудан бетер атасынын көзүнө карай албай жатты.
-эмне дейсиң? Жакшы сөз менен айтып жатканда алдыма түш.
-баланы өз жайына кой Жоки,
-энеңди сенин жапчы жаагыңды. Эй бала! Тур дейм, туш алдыга! –деп кыйкырып алды.
-кетпейм мен, апамдын жанында калам. Апам менен жашагым келет. –деп апасынын колунан бекем кармап эми тике карап баштады.
-эмне деп башын айланта салдың?! Сени энең жаман көрөт! Силерди ойлобойт! Балам, мени кантип таштайсың? Жүрчү, сен каалагандай жашоо куруп берем. Балам, сөз берем, жүр кеттик. –деп оюна келген сөздөрдү айтып жатты алып кетүүнүн айласын көрүп.
-байке апам менен жашайынчы, апчем менен иним сиздин жаныңызда го. –деп айта берди Калык. Болуп жаткан окуяга көргөн көзү ишенбей Жоки балдары, туугандары менен чыгып кетти.
Көзүнө бир сыйра жаш алып Калык апасынын жанына келди. –апа "мектепти бүтсөм сабактардын кутулам" дечү элем бирок, жашоо өзү мектеп турбайбы. Болгону мектептен мүмкүнчүлүк көбүрөөк кетирген каталарды оңдоп кетүү үчүн. А жашоодо акылга салып иш кылбасаң көп өкүнүч, каталар жасалат экен. –деп ойлуу карады.
-акылыңан кагылайын, менин жашоодогу үмүтүм сенсиң. Сен адашпай туура жолдо болсоң мага ошол жетет эле. –деп баласынын башынан сылап өбүп койду. А Калык болсо өткөн чактагы каталарды оңдоо мүмкүн эмес экенин билип, алдыдагы жашоосунда ал каталарды кетирбөөсүн Кудайдан көп тилеп баштады. Үйлөнүүгө өзү, апасы дегиле эле бары даяр болгону жакшы жар болуп берчү кыз эле табыш керек. Эч кимге сыр бербестен акырын көз салып жүрдү жакшы кыздарга. Калык көп убакытка чейин "instagram" колдонмосу аркылуу бир кыз менен сүйлөшүп келчү. Бирок кызды жашоодо дагы сүрөтүн дагы көргөн эмес. Болгону Калык өзүнүн сүрөтүн же Мээрим жакшы сөздөр жазылган сүрөттөрдү "instagram" колдонмосуна киргизгенде жазышып калышчу. 2018-жылы Бишкекте катуу суук болгондуктан тамаша катары "үйлөнсөм үшүбөйт белем?" деген суроосу бар сүрөтүн киргизди. Шарт эле Мээримден кат келди – ассалому алейкум, "үйлөнөйүн" деп жатасызбы?
-алейкум салам, кандайсың? Ооба, быйыл үйлөнсөмбү дегем.
- шүгүр, өзүңүз кандайсыз? Жакшы экен. Тойго чакырганды унутпаңыз.
-мен жакшы, а сен келесиңби?
-Сиз чакырсаңыз барам. Жеңемди да көрсөм жакшы да.
-аа, макул эсте болот. – деп жылмайган быйтыкча менен кат кетирип ойлонуп калды. "Кандай кыз болду экен? Сүрөтүн сураган уят го, эмнеси болсо да жакшы кыз болсо керек. –деп уйкуга сапар алды.Эртеси апасы ойготуп жатып –бүрсүкүнү апчең, жездең менен келет экен. Сага салам айтты. – деп ишине кетти. Жездеси Бкыт абдан жакшы адам, Калыктын үй-бүлөсүн толугу менен түшүнүп колунан келген жардамын аябаарын Калык жакшы билет. Жездесин биртууганындай көрүп мамилеси жакшы. Ошентип жездеси менен апчеси келип, кубануу менен тосуп алышып кобурашып тынч үйлөрү кичи базар боло түштү. Тамак үстүндо отурушканда Анара сөздүн четин чыгарып "быйыл келиндүү болот окшойм" деп сүйүнчүлөгөндөй болду. Бакыт менен Керемет – оо болсун, сонун болот эле да –дешип колдогондой болушту. Кечинде сыртка чыгып жездеси менен бир аз сүйлөшүп туруп калды.
-чындап эле үйлөнгөнү жатасыңбы? – деп суроо узатты Бакыт.
-ооба, жашым, шартым баарына эле туура болчудай.
-үйлөнгөн жакшы, ырыскың толук болот. "Эрте байыгың келсе эрте үйлөн" дешет эмеспи, туура кыласың.
-Сиз үйлөнөөрдө ким менен кеңешчи элеңиз?
-мен байкем менен, тамашалап айтып калчу байкем "үйлөнгөндөн кийин аялың менен айтышпа" деп "себеп аялдын баары айтышканды жакшы көрөт, эгер айтыша берсең ал сени эркек эмес эле аял көрө баштайт" деп. Кийин түшүндүм булардын баарын.
-Аа эркек угуш үчүн жаралган деңизчи. – деп күлүп карады Калык.
-Ооба, кечке айтыша берсең баркың калабы? Менин байкем жеңеме жинденгенде не кылчу экен дебейсиңби?
-не кылчу экен. –деп кызуу менен сурады.
-Пияз алып келип арчытчу экен, азыр деле кылса керек ким билет, "Неге мындай кыласыз?" деп сурасам. "Жеңең пияз арчыганды жаман көрөт, ал мага жакпаган иш кылса ал дагы ошондой кылат" деп айтып калды эле. "Аялды башкарам, аялга чоң болом" деп аракет кылбастан, сенин балдарыңа апа болуп бере турган акылдуу кызга үйлөнсөң өзү эле сонун жар болуп берет. –деп билген кеңешин айтып, Калык ар бир сөзүн кулагынан өткөрүп жан дүйнөсүнө алып калды.